• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто үгүт маалында жаңжал чыгып, 12 адам ооруканага түштү

21 Аяк оона 2020 8:52 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Араван айылында үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыгып, жаракат алган 12 киши ооруканага түштү. Бул тууралуу ОШ ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында аталган айылда 100 чакты адам шайлоого карата үгүт иштерине чогулушкан. Саясий партиянын талапкери И.М.нын катышуусундагы чогулушка келгендердин арасында уруш чыккан. Анда 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшүп, 5 унаа талкаланган. 

«Араван РИИБинде бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда мушташка катышкан 10 жаран кармалып сурак берүүдө. Калган 12 жаран ооруканада жаткандыктан жакынкы убакта алар да суракка алынат. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Мушташ чыгарган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде катуу чара көрүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуяда эл менен жолугушуу өткөргөн кандидат алдын ала жолугушуу өткөрүүчү жери жана убактысы тууралуу ички иштер органдарына кабарлаган эмес. ИИМ ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда алдын ала коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча ички иштер бөлүмүнө кабарлап коюуну суранат.

https://www.youtube.com/watch?v=FNZrWVLHSBY&feature=youtu.be&fbclid=IwAR2AVYc0E4P3xu_jf3fTUfVjoF-G4Dl7lNYa0UfqJnHhSCaB16B8MElUSDs
Количество просмотров: 266