• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

10 Бирдин айы 202313:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда саат 11:24тө Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Фергана кырка тоолорунда, тагыраак айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышка карай 16 км, Таш-Купыр айылынан түндүк-чыгышка карай 17 км, Макмал айылынан түштүккө карай 19 км, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 26 км, Жалал-Абад шаарынан чыгышка карай 85 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 110 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Дөбө, Таш-Купыр, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 123