Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык саатты бузган 7 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, кармалган жарандын ар бирине 3 миң сомдон айып салынган.
«Учурда коомдук-саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө. Коменданттык саатты бузган 7 жаран райондук ички иштер башкармалыгына жана комендатурага алынып келип, протокол түзүлөн. Алардын ар бирине 3 миң сомдон айып салынды», — деди ал.