• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто массалык уулануудан 35 адам жабыркаган

2 Бугу 2022 20:39 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында массалык уулануудан 35 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 1-майда ооруканага ууланган 3 адам кайрылса, 2-май, саат 10:00гө карата алардын саны 15ке жеткен.

Эпидиликтөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 9 үй-бүлө тамак-ашка ууланган, жалпы 35 адам жабыркаган, алардын ичинде 14 жашка чейинки 18 бала бар.

Жабыркагандар Кара-Суу районундагы «Сахобат» деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочторду жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.

Аталган кондитердик цех пландан тышкары текшерилип, кожоюнуна 7500 сом өлчөмүндө айып салынган. Ал эми цехтин азыктары дүкөндөрдөн алынып жатат.

Жабыркагандардын барына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда алардын абалдары жакшы болуп калгандыгы кабарланды.

«2-май, саат 16:00гө карата ооруканада 14 бала дарыланууда, абалдары туруктуу. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 388