Ош шаарындагы №1 милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз акча чогултканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын №1ШМБ башчысы милициянын подполковниги «Т.Т.М.» кармалган. Аталган милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.
«Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды. Кармалган кызматкер шаардык жана Ош облусттук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК тарабынан керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.