• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто мыйзамсыз курулган газ толтуруучу жай алынды

25 Жалган куран 2019 9:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Кечээ, 24-мартта Ош шаарынын Нурматов көчөсүндөгү уруксат кагазы жок унааларга газ толтуруучу жай алынып салынып, жер тилке бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коопсуздугу каралбаган жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынаарын билдирген болчу. Ал ошондой эле шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча да буйрук чыгарыла турганын айткан.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайдан өрт чыгып, 2 адам жабыркаган.

Количество просмотров: 19