• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто окуучу cүзүп кеткен 1,5 жашар кыз көз жумду

20 Бештин айы 201713:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.01.17.Govori.TV

Ош облусунун Араван районунда сегизинчи класстын окуучусу сүзүп кеткен 1,5 жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу  маалыматты облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында, наристе бейтапканада  көз жумган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган кырсык   19-декабрда  16.00дө катталган. Анда сегизинчи класстын окуучусу  короодо турган уунаны чыгарып жатып, артында турган кызды көрбөй сүзүп алган. Маалыматтарга таянсак, бул кезде кыздын апасы жакын жерде коңшусу менен сүйлөшүп тургандыгы айтылууда.

Количество просмотров: 18