• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто пара берүү фактысы аныкталып, шектүү кармалды

11 Теке 202517:03 Бишкек Govori.TV

Ошто пара берүү фактысы аныкталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июлунда Ош шаарында “Б.” аттуу жаран эки өспүрүм кызды коркутуп, канал жээгине алып барып, эч бир себепсиз сууга түртүп жиберген. Кыздарды жергиликтүү тургундар куткарып, тез жардам кызматы чакырылган.

Аталган факты Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Б.” аттуу жаран 2001-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары суралып жаткан М.Б. аттуу жаран милиция кызматкеринен маселени оң жагына чечип берүүнү суранып, анын кызматтык бөлмөсүндө ага 50 000 сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүүгө карата сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда бул кылмыш иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 207