• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто сел алып кеткен төрт жаран изделүүдө

14 Теке 202422:44 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 14-июль күнү саат 14:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызып кеткен. Алдын ала түшкөн маалымат боюнча сел агызып кеткендин баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Д. Н. 1980-жылы туулган(аял киши), кыздары 2005- 2014- 2018-жылы туулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары учурда издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 89