Быйылкы жай жаанчыл болуп, катуу жааган жамгыр селге айланды. Кыргызстандын көпчүлүк жеринде сел жүрдү. Бүгүн Ош шаарында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып сел жүрдү. Социалдык тармакка жүктөлгөн видеолордон борбордук базарда буюм-тайым, товарлар сууда калганын, эл коопсуз жайга чыгып жатканын, сел машиналарды дагы агызып баратканын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-июлда түштөн кийин жааган катуу жаандан улам сел жүрүп, Оштогу Төлөйкөн айылынынан жана Озгурдагы Бөрүбай-Ата эс алуу жайынан 400дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылганын билдирди.
ӨКМ селдин айынан Ош-Гүлчө-Эркечтам жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылганын кабарлады.
Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык жана анын кесепет-зыяны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.