• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ошто шахтада бир жаран каза болду

29 Кулжа 202010:54 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районундагы Жин-Жиген айылынын шахтасында бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда саат 20:35те болгон.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жарандын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Количество просмотров: 68