• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ошто шектүү сегиз кишинин биринен күйдүргү оорусу аныкталды

11 Баш оона 2020 19:32 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү жуккан деген шек менен ооруканага түшкөн сегиз жашоочусунун биринен бул диагноз аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу оорулар борборуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, күйдүргү жуккан деген шек менен Ош облустук ооруканасында жаткан бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык. Баарынан тең анализ алынып, Ош облустук Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилген.

Эпидемиологиялык иликтөө 25-июлда Тогуз-Булак айылында мал союуга тогуз киши катышканын көрсөттү. Этти Тогуз-Булакта 23 үй-бүлө (217 киши), Талдык айылындагы жети (56 киши), Кызыл-Байракта бир үй-бүлө (үч киши), Беш-Мойнокто үч үй-бүлө (12 киши) эт алган.

Буга чейин аталган айылдын башчысы айыл карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулганын жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Күйдүргү (Сибир жарасы) оорусу өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу оору, бул ылаңдаган жаныбарлардан адамга жугуучу дарт. Сибир жарасы менен үй-жаныбарларынын бардык түрү оорушу мүмкүн.

Жугуу жолдору:

-оорулуу малды багып кароодо, тейлөөдө чарба буюмдары аркылуу жана микробу бар топурактын, кыктын чаңын дем алганда;

-оорулуу малды сойгондо, анын терисин сыйрыганда, этин устукандаганда, жүнүн кыркканда;

-эт жана сүт азыктарынын чала бышырып пайдаланганда;

-малды союуга колдонулган буюмдар аркылуу

( балта, бычак, идиш-аяк, сүлгү ж.б)

-оорулуу малдын этин, жүнүн терисин ташыган унаа аркылуу;

-айрым учурларда чымын-жигалка, көгөн чакканда да жугушу мүмкүн.

Адамдарда оору көбүнчө тери түрүндө өтөт.

Оорунун алдын алуу:

-күйдүргүгө каршы жыл сайын үй-жаныбарларына эмдөө жүргүзүү;

-күйдүргүнүн уюгу бар аймакта мал жайбагыла;

-ооруга шектүү малды соёр алдында, сөзсүз түрдө ветеринарга кайрылгыла;

-Малды тейлөөдө, союуда жеке тазалыкты кармоо зарыл; атайын кийимдерди кийгиле (алжапкыч, кол кап, өтүк ж.б), колуңарды самын менен жууп, жугушсуздандыруучу каражаттарды пайдалангыла.

Количество просмотров: 251