• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто соттук-медициналык эксперт пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

22 Бирдин айы 2021 17:28 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери сый акыны мыйзамсыз алууга шектелген соттук-медициналык экспертти кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү ички иштер органдарына Ош облусундагы Араван районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун арызында райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы маалымдалган. Баштапкы 1100 акча каражатын алган соң, ал дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылган.

Аталган факт КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 238-беренеси (Кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, анын жүрүшүндө акчаны накталай алып жатканда видеого тартышкан. Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Эксперт жана анын таанышы кармалып, тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 215