• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты

6 Тогуздун айы 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, Оштун борбордук аянтындагы митингге 100дөн ашуун киши чогулган. Митингди «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда. Топтолгондор азыркы бийликти сактап калуу керектигин айтып жатышат.

Эске салсак, парламенттик шайлоодон кийин нааразычылык акциясы 5-октябрь күнү 12:00дө башталган. Бара-бара эл чогулуп, 12 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра өткөрүү талабын койгон. Кечки саат 19:30дарда митингдин катышуучулары ак үй тарапка бет алган. Күч органдары аларды көздөн жаш чыгаруучу газдар, резиналык октор менен таратууга аракет кылган. Бирок карапайым жарандар менен күч кызматкерлеринин тиреши күчөп, 6-октябрда саат таңкы 5терде Ак үйдү басып алган.

Количество просмотров: 97