Ош облусунда жол кырсыгынан төрт адам каза болуп, бир жаран оор абалда реанимацияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-августта эртең менен Бишкек-Ош автожолунун 663 чакырымында болгон. Анда «ВАЗ 2107» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай токтоп турган «SCANIA» жүк ташуучу унааны сүзгөн. Натыйжада «ВАЗ 2107» унаасынын айдоочусу 2002-жылы туулган С. уулу А. жана 2001-жылы туулган Н.Э аттуу жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болушкан. Жеңил унаанын дагы 2000-жылы туулган эки жүргүнчүсү ооруканада көз жумган. Ал эми дагы бир жүргүнчү 2003-жылы туулган М.Э., реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Кырсык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.