• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто жол кырсыгынан милиция кызматкери набыт болду

3 Бештин айы 2018 19:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.12.2018. Govori.TV

Милиция кызматкери Максатбек Рахманжан уулу кызмат учурунда жол кырсыкка учурап каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маркум Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп кызмат өтөп жаткан. Жол кырсык бүгүн, 3-декабрга караган түнү болгон.

«Максатбек болгону 33 жашка эми гана толгон. Жаш болсо да бир топ жооптуу кызматтарды аркалап келди», — деп эскеришет кесиптештери.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын майору Рахманжан уулу Максатбек 1985-жылы 18-июль күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында төрөлгөн.

— Орто мектепти аяктагандан кийин 2001-2006-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты болгон.

— 2006-2007-жылдары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнүн улук инспектору;

— 2007-2009-жылдары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү;

— 2009-2010-жылдары Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин тергөө башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча тергөөчүсү болуп эмгектенген.

— 2010-2011-жылдар аралыгында Ички иштер министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын тергөөчүсү;

— 2011-2012-жылдары Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы;

— 2012-2013-жылдар аралыгында Ош облустук ички иштер башкармалыгында тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү;

— 2013-2016-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук ыкчам өкүлү;

— 2016-2017-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча тобунун инспектору;

— 2017-2018-жылдары Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы;

— 2018-жылдын 2-ноябрынан баштап Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп эмгектенип жаткан.

Учурда бул фактыга байланыштуу тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.

Маркумдун артында 4 баласы жана келинчеги калды.

Булак: Турмуш сайты

 

Количество просмотров: 35