Ош — Сары-Таш — Иркештам жолунун 20-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 студент кыз каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ 17:00 чамасында катталган. Анда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.
«Кырсыктын кесепетинен курсташ кыздар каза болушкан. Тактап айтканда, айдоочу жана унаанын артында отурган 2 кыз жан берген»,-деп жазылат маалыматта.