• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

“Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

11 Жалган куран 2024 16:36 Бишкек Govori.TV

2024-жылдагы «Оскар» сыйлыгы 11-мартка караган түнү тапшырылды.  Тапшыруу аземи Лос-Анжелес шаарында өттү.

Кристофер Ноландын “Оппенгеймер” тасмасы эң мыкты фильм аталса, Мстислав Черновдун “Мариуполдогу 20 күн” фильми эң мыкты даректүү тасма болду, мультфильмдерден Хаяо Миязакинин “Бала жана куш” эмгеги жеңди.

Жеңүүчүлөр:

“Эң мыкты актер”  — Киллиан Мерфи,

“Экинчи пландагы эң мыкты актер” – Роберт Дауни младший,

“Эң мыкты актриса” — Эмма Стоун,

“Экинчи пландагы эң мыкты актриса” — Рэндольф Давайн Жой,

“Эң мыкты анимациялык көркөм фильм” — «Бала менен куш» тасмасы,

“Эң мыкты оператордук иш” — Хойте ван Хойтема («Оппенгеймер»);

“Костюмдардын эң мыкты дизайны” — Холли Уоддингтон («Бедные-несчастные»),

“Эң мыкты режиссер” — Кристофер Нолан, «Оппенгеймер»,

“Эң мыкты даректүү тасма” — «Мариупольдо 20 күн»,

“Эң мыкты монтаж” —  “Оппенгеймер”,

“Чет тилдеги эң мыкты тасма” – “Кызыкчылык зонасы” (Улуу Британия);

“Эң мыкты ыр” — «Барби» тасмасындагы “Мен эмне үчүн жаралганмын?” ыры.

“Эң мыкты оригиналдуу сандтрек”  – Людвиг Гёрансон («Оппенгеймер»),

“Эң мыкты костюм” — “Бедные-несчастные”.

Количество просмотров: 93