• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Панфилов районунда 40тан ашык кой уурдаган шектүү жарандар кармалды

15 Бирдин айы 2021 10:59 Бишкек Govori.TV

Панфилов районундагы 40тан ашык кой уурдаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айында өлкөдөгү жалпыга мааламдоо каражаттарына Панфилов районунун жашоочусунун видео кайрылусуу чыккан, ал кайрылуусунда белгисиз адамдар тарабынан тоноо жолу менен бир нече кой уурдалганын айтып милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирген.

«2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБүнө арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып, 8-октябрь күнүнө караган түнү анан сарайына белгисиз адамдар келип, анын мал караган адамдарына күч колдонуп коркутуп сарайдан 49 баш койун уурдап кеткендигин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын жана Панфилов РИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Натыйжасында бул кылмышка шектүү делип үч жаран кармалган, алар 1989-жылы туулган Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1982-жылы туулган К.З. аныкталган.

Белгилеп кетчүү нерсе социалдык тармактарда таратылган видео материалдагы кайрылган жарандын ой-пикири боюнча милиция кызматкерлери иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш катталгандан баштап бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн, тергөөнүн кызыкчылыган карата бардык болгон маалыматтар берилген эмес», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилди.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 72