• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пара алганга шектелип ИИМдин кызматкери кармалды

11 Жетинин айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды.

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен миң доллар пара талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 342