• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Пара үчүн кармалган эки прокурор үй камагына чыкты

16 Жетинин айы 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары Башкы прокуратуранын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун прокурору жана орун басарынын баш коргоо чарасы 13-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралган. Анда мамлекеттик айыптоочу шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, сот аны канаатандырган.

Эске салсак, Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары пара менен кармалганын 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирген.
Маалыматка карганда, алар айыпталуучулардан дайыма акча алып келишкен.  Алар 11 – ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнү Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде жүргүзө баштаганы маалымдалган.

Количество просмотров: 236