• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Пара менен кармалган вице-мэр Сагындык уулу сентябрдын аягына чейин камакта болот

28 Теке 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу УКМК СИЗОсуна киргизилди. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, Сагындык уулу 25-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.

Эске салсак, 23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган. Атайын кызматтын билдиришинче, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.

Количество просмотров: 73