Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара талап кылууга шек саналып президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалганын кабарлаган. Комиссиянын жооптуу катчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган. Апенов пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.