• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Пара менен кармалып, иштен кеткен УКМКнын мурдагы кызматкери акталды

23 Кулжа 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 18-июнда 2020-жылы Каржы полициясы тарабынан пара опузалоого шектелип кармалган УКМКнын мурдагы кызматкерин актады. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Айыпталуучу Н.С. төмөнкү беренелер боюнча бошотулган:

  • Жоруктар жөнүндө кодексинин 172-беренеси (Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү жок кылуу, бузуу же жашыруу);
  • Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу);
  • Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Пара опузалоо).

Эске салсак, Н.С. 2020-жылы 4-сентябрда 1000 доллар алып жаткан жеринен кармалган. 11-сентябрда УКМК кызматтык иликтөөсүн аяктап, анын жыйынтыгында Н.С. ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 56