• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Парламент Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берген жок

9 Жалган куран 2022 18:08 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия чечим чыгарып, корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына жабык эшик артында каралды.

Комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратурага макулдук берүүдөн баш тарткан. Анын чечими ЖКнын депутаттары тарабынан колдоо тапты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Айбек Осмоновдун айтымында, комиссиянын корутундусун 62 депутат колдоп берген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.

Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраиловдор кирген

Количество просмотров: 155