• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Парламент бул жолу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби?

31 Бугу 2023 18:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров «парламент бул жолу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби?» деген журналисттердин суроосуна жооп берип, буларга токтолду.

«Ар бир чечим ар кимдин өз айыбында. Өткөн жылкы Жогорку Кеңеш менен азыркынын айырмасы бар. Ошол эле укуктук, тажрыйба жагынан дагы. Азыркы парламенттин көз караш менен түшүнүктөрү бир кыйла жогору. Ошондуктан кандай чечим кабыл алат? Ал парламенттин өз колунда»,-деди Мадумаров.

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сурады. Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Алар 48 сааттын ичинде жагдайды иликтеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек.

Эске салсак, Башкы прокуратура 2022-жылдын февраль айында Адахан Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Парламент башкы прокурордун сунушун четке каккан.

Количество просмотров: 92