• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Парламенттик шайлоо өткөрө турган күн белгиленди

21 Тогуздун айы 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынган.

«Бул маселени комиссия мүчөлөрү колдоп токтом кабыл алынды. Анын алкагында бүгүндөн баштап шайлоо процесси башталды»,-деди Осмоналиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселеси талкууланат.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Президент да отставкага кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

Количество просмотров: 233