4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, «Кыргыз Республикалысынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт.
«Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок», — деди ал.