• Ишенби 24 Куран 2021

Партиялар сандардын сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнө үмүт артышууда

10 сентября 2020 в 14:11 Бишкек Govori.TV

 Кечээ, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын добуш берүү бюллетениндеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрдү. Иш-чарага партиялардын өкүлдөрү катышкан.

Ага ылайык, шайлоого аттанган 16 саясий партия өз номурларын алышты. Номурларды алган партиялар сандардын мистикалык жөндөмдүүлүгүнө ишеним арткандар да чыкты.

Мындан улам сандардын сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнө ишенген партияларлар тууралуу пикирлерди чогултуп көрдүк.

Кыргыз байыртадан 7 санына өзгөчө көңүл буруп келген. Замандаш Саясий Партиясы бюллетенде 7-болуп катталды.Буюрса…

Опубликовано Аманбековом Султанбеком Среда, 9 сентября 2020 г.

Ыы 16 цифрага легенда токугула эми))))

Опубликовано Мухаммедали Амановым Среда, 9 сентября 2020 г.

Номуруңду айтчы, ким акча бергенин эстейин… Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, мыйзамга белгиленген акыркы күнү,…

Опубликовано Бакытом Молдалиевым Среда, 9 сентября 2020 г.

Кудай колдосун! Бюллетенде номурубуз-14! Жетиден экөө-эки эселенген жеңиш!!! #республика14#алдыгажол

Опубликовано Тынчтыком Алтымышевым Среда, 9 сентября 2020 г.

#7 бул так санга кирет. Сандардын ырымы боюнча 7 саны кыргызда жакшы сан. Манастын жети осуяты,жети атанды бил, жетинин бири кыдыр, жети оймо салуу өңдүү аруу тиликтер бар.#ЗамандашПартиясыЭлдикПартия

Опубликовано Joodar Buzumov Среда, 9 сентября 2020 г.

#БИРИМДИК Бюллетендеги номери 1

Опубликовано Дайырбеком Орунбековым Среда, 9 сентября 2020 г.

Эске салсак, партиялардын добуш берүү бюллетениндеги орду төмөнкүдөй болду:

№1. «Биримдик»;

№2. «Мекенчил»;

№3. «Ыйман нуру»

№4. «Мекеним Кыргызстан»;

№5. «Реформа»;

№6. «Ата Мекен»;

№7. «Замандаш»;

№8. «Бүтүн Кыргызстан»;

№9. «Социал-демократтар»;

№10. «Мекен ынтымагы»;

№11. Афган согушунун ардагерлеринин партиясы;;

№12. «Ордо»;

№13. «Бир Бол»;

№14. «Республика»;

№15. «Кыргызстан»;

№16. «Чоң казат».

Количество просмотров: 100