• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Пирамидага» 30 жыл!

26 Бугу 2021 18:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда туңгуч көз карандысыз телеканал катары таанылган «Пирамида» быйыл 30 жашка толду.

“Пирамида” телеканалы 1991-жылы 5-майда Кыргызстандагы алгачкы эгемен телеканал болуп түзүлгөн.

Телеканал өзүнүн ишмердүүлүгүндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, көрүүчүлөрү барган сайын арбып, бүгүнкү күнү көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан сүйүктүү каналы бойдон калууда.

“Пирамида” тунгуч президент Аскар Акаевдин тушунда башкаруу режимин сындаган күчтүү телеканалга айланган. Ал эми Бакиевдердин тушунда телеканал кысым-басымдарды башынан өткөрүп, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин улутташтырылган.

“Пирамида” телеканалы мамлекеттик канал болуп, анын ичинде Жогорку Кеңештин да жыйындарын түз ободо көрсөтүүчү телеканалга айланган.

30 жылдан бери канал коомчулукта өз ордун таап, ар бир кызматкердин жогорку профессионалдуулугунун натыйжасында элге актуалдуу программалар менен телеберүүлөрдү тартуулап келет.

30 жыл аралыгында «Пирамида» каналы өлкөбүздөгү чыгаан журналисттердин да тажырыйбасындагы эң маанилүү этап жана мектеп боло алды.

«GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттиги «Пирамида» каналынын жалпы жамаатын 30 жылдык мааракеси менен куттуктайт.

Количество просмотров: 55