• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Пирматов күйүүчү майдын Тажикстанга аткезчилигин токтотууну сунуштады

18 Аяк оона 2019 12:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов күйүүчү майдын Тажикстанга аткезчилигин токтотууну сунуштайт. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана Таджикистан өкмөттөр аралык комиссиянын жумушу жана анын гана компетенциясы. Ушул комиссиянын кана чечимдери юридикалык күчкө ээ. Тилекке каршы тажик өкмөтүнүн комиссия мүчөлөрү сөзгө келбей, бизге тап такыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон рычагдарды колдонбоо — өтө туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм! Ал рычагдардын эң негизгиси — Баткен областы аркылуу Таджикистанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу! Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап, демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө турушу керек! Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга — тез арада эрки жетет деп ниеттенели, — деп жазган депутат.

Чек- ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу — делимитация, демаркация процессин баштап бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана…

Опубликовано Исхак Пирматов Вторник, 17 сентября 2019 г.
Количество просмотров: 43