26-июлда 67 жашында Чүй райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева көз жумду.
Маалыматка ылайык, Жумабаевага пневмония диагнозу коюлган.
Жумабаева 1953-жылдын 25-майында Кеминде туулган. 1976-жылы Медициналык академияны аяктаган. Чүй райондук ооруканасында алгач бөлүм башчы, кийин директордун орун басары болуп иштеп келген.