• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Польша Орусияны Беларустун “чабуулун” колдойт деп айыптады

11 Жетинин айы 2021 15:36 Бишкек Govori.TV

Польша Беларусту чыгыш чек арасына “чабуул” уюштурду деп, ал эми Орусиянын президенти Владимир Путинди Евробиримдиктин тынчтыгын бузуу үчүн күчөгөн «миграциялык кризисти уюштурду» деп айыптады.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки 9-ноябрда Польша парламентинин чукул жыйынында «Лукашенко жасап жаткан бул чабуулдун уюштуруучусу Москвада — президент Путин», — деди.

9-ноябрда мигранттар Евробиримдикке мүчө Беларустан Польшага зым тосмону бузуп кирүүгө аракет кылган.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Түштүк Азиядан жана Африкадан келген миңдеген мигранттар Польшага жана Евробиримдикке мүчө Латвия жана Литвага да Беларус аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып жатышат.

Евробиримдик бул үчүн Беларустун лидери Александр Лукашенкону айыптап, муну былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин киргизилген санкциялар үчүн Брюсселден өч алуу катары баалады.

Беларустун мамлекеттик чек ара комитети «чет элдик мигранттар Польшанын күч түзүмдөрүнүн адамгерчиликсиз мамилесинен улам, ушундай аргасыз кадамга барганы» тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Количество просмотров: 232