• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Премьер-министр жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду

15 Бирдин айы 2021 9:40 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы жаз мөөнөтүнөн эрте келди жана айрым жер тилкелеринде жазгы-талаа иштери жүргүзүлүүдө.

«Жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, айыл-чарба техникасы жана аны оңдоо маселесин чечип, дизелдик майга баанын өсүшүнө жол бербөө менен күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, ирригациялык жана гидротехникалык жайларды даярдоо зарыл. Суунун жетиштүү коруна байланыштуу сугат суу менен маселе жаралбашы керек. Фермерлерди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен активдүү өз-ара аракеттешүү зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Айыл чарбасында алдыңкы технологияларды активдүү ишке киргизүү маанилүү. Кеп тамчылатып сугаруу, күнөсканалар, жаңы жабдууларды сатып алуу, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү, иштетилбей жаткан аянттарды ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Өткөн жылы республика боюнча 56,6 миң га жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң га кыскартууга ниеттенип жатабыз», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр маалымдагандай, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган, ал эми 2021-жылдын 15-февралынан тарта «Айыл-чарбасын каржылоо — 9» долбоору боюнча дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат, ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан рынок баасынан 30%га төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.

«Эч ким кабинетинде аракетсиз отура бербеши керек. Акимдер фермерлер менен иш алып барып, рынокто суроо-талап жараткан айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү максатка ылайык экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тийиш. Бардык жоопкерчиликти Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине түртүп салууга болбойт. Жалпыбыздын милдетибиз бирдиктүү – элибизге кызмат кылуу. Мен жазгы-талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барып, фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам», — деп маалымдады премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кластердик ассоциациялар менен кызматташтык механизмин жайгаруусу, ар бир облуста айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүсү, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүсү, мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуусу зарыл экендигине басым жасады

Количество просмотров: 87