• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Бишкек, Чүй, Кемин,Сокулук жана Токмок шаардык сотторунун судьяларын дайындады

10 Аяк оона 2018 13:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна, Чүй облустук сотуна, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондук сотторуна жана Токмок шаардык сотуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди,
Бишкек шаардык сотунун, Чүй облустук сотунун, Чүй облусунун Кемин, Сокулук райондорунун сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин З-бөлүгүнө ылайык биринчи Жарлык менен биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө 6 судья Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.
Экинчи Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:
Бишкек шаардык сотуна  Молоев Дамир Жоомартович;
Чүй облустук сотуна Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна,
Чүй облусунун  сотуна Нурманбетов Эрмек Болотканович;
Чүй облусунун Кемин райондук сотуна — Култаева Нурила Дукенбаевна;
 Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна– Кумашев Жолдошбек Ильясович;
 Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна — Карабекова Элмира Чондошовна жиберилишти.
Аталган жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Количество просмотров: 20