• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент Акжол Махмудовду финалга чыгышы менен куттуктады

2 Баш оона 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыккан балбан Акжол Махмудовду куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу социалдык тармактарда жарыяланды.

«Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызын дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Алга, Кыргызстан!», — деп жазган Жапаров.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн, 2-августта финалга чыкты. Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Количество просмотров: 206