Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат.
Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары жана ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.