• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Бишкекте жаңы стадион курууну сунуштады

24 Үчтүн айы 2019 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштады. Бул тууралуу ал футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

«Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат», — деп белгиледи президент.

Жээнбеков Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болооруна, командага өзүнүн чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк берээрине ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 21