• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат

23 Кулжа 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы ишкерлер менен экономиканы өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө багытталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү талкуулайт.

Мындан тышкары, бийлик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуу маселелери туурасында сөз болот. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга ар кайсы тармактардын, анын ичинде өлкө аймактарынан келген компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулуп, чакырылган бардык адамдар коронавирус инфекциясына карата ПЦР-тестин тапшыргандыктарын белгилей кетели.

Количество просмотров: 60