• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент: Чек ара чырында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет

6 Бугу 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

Чек ара жаңжалында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылынын эли менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушуунун алкагында, өлкө башчы Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн жана жабыркаган ишкерлерге да жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле, президент бүгүнтөн баштап Максат айылындагы жана башка жапа чеккен айылдардагы талкаланган имараттардын ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды кайра салып берүү иштери башталарын, аны эки айда бүткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Количество просмотров: 173