• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент: Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет

28 Бештин айы 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

«Кийинки олуттуу маселе — чек ара маселеси. Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет. Тилекке каршы, соӊку окуялар айтылгандарга күбө. Дал ушундан улам, бүгүнкү күндө коңшу үч өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен болгон чек араны тынчтык жолу жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, эгемендүүлүк жылдарынан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинкиге калтырбай, кечеңдетпей чечүүнү, ата-бабалардан мураска калган ыйык жерибизди келечек муунга кемитпей өткөрүп берүүнү — эң башкы максатыбыз жана милдетибиз деп эсептейбиз!»,-деп билдирди Жапаров.

Количество просмотров: 155