• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент чириген байлардын каткан мүлкүн кантип ачыкка чыгарат?

10 Бештин айы 2018 10:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018.Govori.TV.

2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген. 

Ал эми президент коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда, чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык, деп билдирди.

«Карапайым калктын жана мамлекеттик казынанын эсебинен мыйзамсыз байыгысы келгендердин каршылыгына карабастан, бир жыл ичинде көп иштер жасалды. Башкы көңүл коррупцияны жараткан себептерди жоюуга бурулууда. Адам факторун четтетүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү кызматкердин жарандар менен түз байланышын азайтууга багытталган чаралар көрүлүп жатат. Ишкерлерди алардын бизнесине киришүүлөрдөн жана көптөгөн мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып,  жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык»,-деди президент.

Ошондой эле, мамлекеттик кызматты өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн пайдаланган адамдар мыйзам чегинде жазаланып эле тим болбостон, аларды журт алдында катуу уяткаруу керек, дейт президент. 

Количество просмотров: 21