• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Президент депутаттарга: Бийликке оппозиция боло бериңиздер, бирок мамлекетке оппозиция болбоңуздар

17 Жетинин айы 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында президент Садыр Жапаров депутаттарды чек ара маселесин чечүүдө бийликтин чечимдерин колдоого чакырды.

Жапаров эл өкүлдөрүн мамлекеттин тагдырын чечүүчү келишимдерди ратификациялоодо популисттик кадамдардан алыс болууга үндөдү.

«Мамлекеттин тагдырын чечүүгө келгенде жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыздар. Мен же өкмөт жеке маселебиз менен келсек, мейли колдобогула. Бирок бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жатат. Жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес. Чек араны чечүүнү кийинкиге жылдырып турууну айткандар да болуп жатат. Жок, андай болбойт. Бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү жеңишке жете да албай калышыбыз мүмкүн. Жерлер тарып баратат, коңшулардын саны өсүүдө. Кийикиге калтырсак, 19 миң гектар жер эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канча аскер, жөнөкөй жарандар чек ара чырынан каза болушту. Популисттик кылып же элдер кыйкырып жатпайбы деген жүйө менен элге шылтап, добуш бербей жана кворум кылбай отурумдан чыгып кеткен депутаттар дагы жок эмес. Мамлекеттин тагдыры чечилип жатканда андай кылбаңыздар. Бийликке оппозиция боло бериңиздер, бирок мамлекетке оппозиция болбоңуздар сураныч. Жөнөкөй калкыбыз мындай маселелерде кагаздарды көрбөгөндөн кийин жакшы билишпейт, ошол үчүн кыйкырышат. Сиздер көрүп жатасыздар, далилдүү документтер колуңуздарда турат. Кимдер каршы кыйкырбасын маселени терең изилдеп чыгып, өлкөгө пайдалуу келишим болуп жаткандан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасасаңыздар жакшы болмок. Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 282