• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент элди эмдөөдөн өтүүгө үндөдү

28 Теке 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Instаgram баракчасы аркылуу жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Жапаров ооруканага түшкөн жарандардын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатканын белгиледи.

“Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар”, — деп жазат өлкө башчы.

Количество просмотров: 96