Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү, анын статусун жана беделин жогорулатуу максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1) салыктык башкарууну оптималдаштыруу, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүү, бажы инфратүзүмүн санариптештирүү, контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын, анын ичинде лицензиялык контролду кыскартуу;
2) ак ниет ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик ресурстарды берүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин түзүлгөн реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды жүзөгө ашырууда атайын режимди колдонуу;
3) мамлекеттик-жеке диалогдо бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын андан ары коргоо;
4) бизнеске өзүн-өзү жөнгө салуу функцияларын берүү жолу менен жөнгө салуу саясатын андан ары либералдаштыруу (ишкердик субъекттердин ишине айрым мамлекеттик жана муниципалдык контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өткөрүп берүү);
5) ишкерлердин жана ишкердик ишинин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү эфирдик санариптик берүү телеканалдарынын социалдык пакетине киргизилген телеканалдарда акысыз эфирдик убакыт берүү аркылуу маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу;
6) “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери” ардак наамын белгилөөнү жана анын ээлеринин төмөнкүдөй артыкчылыктарды алуусун караган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо жана киргизүү:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан милдеттүү кабыл алуу укугун.