• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент: Көп нерсени азыр айтпайм, анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү

19 Аяк оона 2020 21:02 Бишкек Govori.TV

«Менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим. Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосу на» берген кезектеги маегинде, үгүт иштери мезгилиндеги анын дарегине айтылган сын-пикирлер жөнүндөгү суроого жооп берип жатып.

Популисттик билдирүүлөр тууралуу Мамлекет башчысы алар дайыма болуп келгенин жана боло берерин белгиледи.

«Жаш саясатчылар гана эмес, 20-30 жылдап саясатта жүргөн саясатчыларыбыз да популизмге алдырып жатышат да. Ошондуктан, бизде элибизде жакшы лакап бар — „Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал“ деген, ошону айтат элем», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков үгүт иши болуп жаткандыктан «тигил, бул» деп атын атап, аларга реклама, пиар кылбай турганын кошумчалады.

«Мезгили келгенде, алардын атын атап, ишин айтып, коомчулукка жарыялоочу учур келет. Алардан айырмаланып, мен утурумдук билдирүүлөрдү жасоого укугум чектелүү. Анткени, менин президент катары милдетим — келечекке багытталган иштерди жасоо, аларды ишке ашыруу, утурумдук иш эмес. Жеңил пиар эмес, менин милдетим. Айтканым, жасаганым өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон иштер. Ошондуктан да көп нерсени, мүмкүн, азыр айтпайм жана айта албайм дагы. Анткени, коомдогу тынчтык мага абдан маанилүү», — деп белгиледи Ма млекет башчысы.

Президент 1995-жылдан бери чоң саясатта келе жатканын эске салып, азыркы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, чарбада иштегенин, ал ишти сыртынан эмес, ичинен көрүп, колу менен жасап, бийликтин бардык тепкичтерин басып өткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле иш болгон соң кемчиликтер болорун, бирок эч ким аны коррупцияга аралашкан деп айта албай турганын кошумчалады.

«Аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Ар кандай шектүү схемаларга катышкан да эмесмин. Мына ушул тазалыгым мага азыр коррупция менен жүзүм жарык күрөшүүгө мүмкүндүк берүүдө. Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт. Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков жана 3 жылдан бери өлкөнүн Президенти болу п иштеп жатып ыплас иштерге аралашпаганын айтты.

Количество просмотров: 1203