• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө: Кимдин ким экени ушундай мезгилде билинет

30 Кулжа 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Президент өз сөзүндө өзүнө жооптуу милдеттерди алып, жаңыдан ишке киришкен өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

«Бүгүн кыргыз элине, кыргыз мамлекетине ак ниетиңер менен жан үрөп иштеп берем деп ант бердиңер. Берген антыңарга бекем туруп, өлкөбүз үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар деп үмүттөнөбүз. Силер оор кырдалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка киришип жатасыңар. Жүктөлгөн милдеттерди бийик абийир, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, кырдаалды тез арада оңдой турган антикризистик өкмөт болосуңар деп ишенебиз. Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинет», — деген мамлекет башчысы, силердин ишиңер элибиз тарабынан, кыска эле мезгилде сыналат деп баса белгиледи.

Президент азыркы кырдаалда өкмөттүн жаңы курамы, негизги үч милдетти өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыты катары аныкташы зарылдигин айтты.

«Алар — азыркы глобалдык илдеттин кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирип, өнүктүрүү жана келе жаткан шайлоолорду адилет өткөрүү», — деди президент Жээнбеков.

Количество просмотров: 201