• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент «кылыбыз кыйшайбайт » деген Байсаловдун сөзү боюнча үн катты

23 Тогуздун айы 2021 12:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров талкууга алынган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «президенттин саясатын колдогон гана депутаттар менен иштешебиз, калгандарыңар жер тепкилесеңер дагы кылыбыз кыйшайбайт» дегени боюнча үн катты.

«Ооба мен да көрдүм аны, бир аз эмоцияга алдырып койду. Ал оюн туура эмес жеткирип алды. Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген. Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, алар элдин өкүлү, баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Мен мисалы баары менен иштешип жатам», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Количество просмотров: 743