• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун Ысык-Көлдөгү эстелигине гүл койду

9 Аяк оона 2021 12:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду.

Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты.

Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.

Количество просмотров: 109