• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент окуу китебиндеги катаны кайталабоону эскертти

14 Бирдин айы 2019 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков мектеп окуучулары үчүн басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүн сынга алып, окуу китептерин басып чыгарууда олуттуу мамиле кылууну Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып жатканда белгиледи.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле президент китепти иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды сактоо, бюджеттик жана донорлук акча каражаттарын колдонуу алдын ала пландалып, ишке ашуусу керектигин эскертти.

Жакында эле сапатсыз жана колдонууга мүмкүн болбогон окуу китептер боюнча Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Дүйнөлүк банктын жооптуу адамдарына карата кылмыш ишин козгогон.

Китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банк 16,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана грант берген.

Количество просмотров: 26